Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Питердеги кыргыз жана өзбек диаспора лидерлери жолукту


Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Кочкорбай Кутунаев ушул эле шаардагы өзбек диаспорасынын лидери менен жолугуп, 23-декабрда үйлөнүү тоюнда болгон окуяны талкуулады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" "Замандаш" ассоциациясынын маалымат катчысы Эркин Урманбетов кабарлады. Анын айтымында, Кочкорбай Кутунаев окуя болгон кафеге да барган, бирок эшиги бүгүн жабык турат. Сыртына жазылган телефон номуруна чалса, окуя тууралуу кабары жок экенин айтышууда.

Орус маалымат сайттары жазгандай, 23-декабрда Питердеги "Золотая долина" кафесинде кыргызстандыктар той берип жаткан. Ошол эле кафеге эс алганы келген өзбек улутундагы жарандар "орун жок" дегенге болбой, пневматикалык тапанчадан от чыгарып, төрт кишини жабыркаткан. Жараат алгандар азыр ооруканада.

Өзбек диаспорасынын жетекчиси эгер кол салгандар өзбек улутундагылар болсо, алардын кармалышына көмөктөшөөрүн убада кылды. (RK)

XS
SM
MD
LG