Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Сатыбалдиев: "Кумтөрдү" улутташтыруунун кесепети оор болот


"Кумтөр" ишканасын улутташтыруунун кесепети оор болот, ал үчүн мен жоопкерчиликти ала албайм", - деди бүгүн маалымат жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев. Ал парламентке "Кумтөр" боюнча жаңы биргелешкен ишкана түзүү, андагы үлүштү 50/50% кылып инвестор менен теңме-тең бөлүп алуу долбоору жөнөтүлгөнүн кабарлады.

- Эгер парламент бул долбоорду кабыл албаса, анда улутташтыруудан башка жол калбайт. Бирок мунун кесепети жакшы болбойт, - деди өкмөт башчы.

Кумтөрдүн алтынын казып алуудан түшкөн пайданы канадалык инвестор "Центерра" компаниясы менен теңме-тең бөлүшүү меморандумунун долбоорун өкмөт парламентке буга чейин да сунуштаган. Бирок Жогорку Кеңеш муну колдобой, Кыргызстандын үлүшү 67%дан кем болбосун деген талап койгон. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG