Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Мушаррафтын соту коопсуздук себептеринен улам которулду


Пакистандын мурдагы президент Первез Мушаррафтын соту коопсуздук себептеринен улам 1-январга калды. Исламабад шаардык соту бүгүн ага чыккынчылык беренеси боюнча айыбын угузмак. Бирок Мушарраф сотко келчү жолдо бомба табылып, процессти башка күнгө которуу чечими кабыл алынды.

Пакистан бийликтери билдиргенине караганда, экс-президенттин борбор шаардагы үйүнүн жанында бомба менен кошо эки тапанча табылды. Мушарраф 2007-жылы Конституцияны убактылуу күчүнөн кетиргенден кийин өзгөчө кырдаал жарыялап, айрым сотторду иштен алып жана камагандыгы үчүн айыпталууда. Март айында мекенине кайтып келген генерал мындан тышкары дагы бир нече иш боюнча күнөөлөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG