24-декабрь түшкү саат 13:00дөн кийин дароо миллионунчу жүргүнчү болуп катталган 64 жаштагы Калыскан Мурзубраимова атайын сертификатка ээ болду. Эми ал “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы менен кийинки жылы каалаган рейске эки тарапка бекер бир жолу уча алат. Ош аба майданынын жетекчи орун басары Өсөр Мадыбаевдин айтымында, миллион жүргүнчү бир жыл ичинде эле катталды.
Оштон Орусияга аптасына 50-60 рейс каттайт. Москва, Санкт-Петергбург, Новосибирск, Екатерингбург, Красноярск жана Сургут сыяктуу чоң шаарларга күн сайын каттам бар. Мындан башка Оштон Түркия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарына түз учса болот.
Ош эл аралык аэропортунун имараты 1974-жылы курулган. Ал Бишкектеги “Манастын” филиалы болуп саналат. Учурда Ош аба майданы 167 гектар аянтты ээлейт. Бирок адистер бул жерди мындан эки эсе кеңейтүү керек деп эсептешет. Анткени жүргүнчүлөрдүн азыркы саны учурдагы аба майдан үчүн дээрлик 5-6 эсе көптүк кылат дешет адистер. (ErN)