Бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети кант боюнча чечим кабыл алды. Өкмөткө Кыргызстандын бажы аймагынан өткөн кантка сезондук импорттук бажы төлөмүн киргизүү сунушу берилди. Мындай сунуш өкмөткө мурда да берилип, бирок колдоо тапкан эмес.
Кант керектөөчүлөр бирлигинин президенти Эрлан Жузуповдун "Азаттыкка" айтымында, комитеттин бул токтому канттын баасынын 30% жогорулашына алып келет. Буга чейин парламенттин бюджет жана каржы комитети аталган бирликтин кайрылуусунун негизинде "бажы төлөмүн киргизүү негизсиз" деген чечим чыгарган. Жузупов бүгүн комитеттин жыйынына чакырылганын, бирок ага сөз берилбей калганына нааразы экенин билдирди.
Беларустан ташылып келген канттан экс-депутат Сергей Ибрагимов аркылуу Максим Бакиев өз үлүшүн алып турганы, эми бүгүнкү токтомдун негизинде ошол схема кайра кайталанышы мүмкүн экени айтылууда. (RK)