Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:55

Украиналык “Рошен” орус рыногуна кайта алат


Орусиянын саламаттыкты сактоо өкүлдөрү украиналык “Рошен” таттуу компаниясы кийинки жылдын башынан тарта орус рыногуна кайта алат деп маалымдашты.

“Роспотребнадзор” агенттигинин жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Анна Попованын айтымында, продукциянын сапатына байланышкан кемчиликтер оңдолду.

Июлда санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн "Рошендин" товарларын Орусияга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок аналитиктер ал чара Киевдин Европа биримдигине ыктаган саясатын жазалоо иретинде көрүлгөнүн айтып келишти.

Компаниянын ээси, ишкер Петро Порошенко Европа менен жакындашууну колдогондордун бири катары белгилүү болчу. Ноябрда болсо Украина бийлиги Биримдик менен интеграция келишимине кол коюудан баш тартып, кийин Москва украин өкмөтүнө 15 миллиард доллар насыя берээрин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG