Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Украина Михаил Саакашвилиге өлкөгө кирүүгө тыюу салды


Украинанын Тышкы иштер министрлиги жана Коопсуздук кызматы парламент депутаттарынын өтүнүчүн канааттандырып, 36 кишиге, анын ичинде Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилиге өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу "Коммерсант" гезити жазууда.

Демилгенин автору, Региондор партиясынын мүчөсү Олег Царев билдиргенине караганда, ошол адамдар оппозицияга өлкөнү дестабилдештирүү боюнча кеп-кеңештерин беришүүдө. Депутат алардын Украинада болушу улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат деп билдирди.

Тизмеге Грузиянын 30 жараны, беш америкалык, бир сербиялык жаран киргизилген. Алардын катарында саясатчылар, ишкерлер, бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү, журналисттер менен илимпоздор бар.

Украинанын Коопсуздук кызматы "Интерфакс" агенттигине бул маалымат боюнча азырынча комментарий берген жок. Буга чейин орусиялык оппозициячыл саясатчы Борис Немцовго Украинага кирүүгө тыюу салынган. Ноябрдан бери Украинада евроинтеграциянын жактоочулары президенттин жана премьердин кызматтан кетишин талап кылып, демонстрацияларды өткөрүшүүдө.

XS
SM
MD
LG