Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча Жол картага кол койгон жок


Бул тууралуу Москвадагы ЕврАзЕШтин жыйынына катышып жаткан 1-вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаев учурдагы даярдалган жол карта Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келбесин айтып, аны кайрадан иштеп чыгууга мөөнөт сурады.

Оторбаевдин сөзү боюнча Бажы биримдигинин мүчөлөрү каршы болушкан жок, алар Кыргызстанга белгилүү бир мөөнөт чектешкен жок.

Буга чейин биримдикке мүчө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча Жол картасын бүгүнкү жыйында кабыл алууга чакырып, эч кандай жеңилдик берилбесин сунуштаган.(BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG