Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Балдарды кыйноодон коргоого арналган тегерек стол болот


25-декабрда Бишкекте “Балдарга жасалган зомбулук жана кыйноо фактыларын балдардын өзгөчөлүгүнө жараша каттоону саламаттыкты сактоо тармагына киргизүү” деп аталган тегерек стол болот. Ага Саламаттыкты сактоо министрлиги, “Балдарды коргоо лигасы” уюму жана “Эркиндик үнү” коомдук фонду катышат.

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, балдарга зомбулук кылып, кыйнаган кишилерди жоопко тартуу көбүнчө фактылардын медициналык жактан бекемделбегенине байланыштуу кыйынчылыкка турат.

Бүгүн Кыргызстандагы интернат, балдар үйлөрүндө 11 миңден ашуун бала бар. Ошондой эле ИИМдин маалыматы боюнча, өткөн жылы зомбулуктан жапа чеккен балдардын саны 1,5 миңге чукулдап барган, 152 бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болушкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG