Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Орусияда тойдо ок жеген кыргызстандыктардын биринин абалы оор


Санкт-Петербург шаарында үлпөт той учурунда белгисиз бирөөлөрдөн ок жеп, ооруканага жаткан кыргызстандыктардын саны алтоо. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Кыргызстандын Питердеги ардактуу консулу Таалайбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, жабыркагандардын бешөөнүн абалы жакшы, бирөө реанимацияда дагы эле эсине келе албай жатат.

21-декабрда Питердеги "Золотая долина" кафесинде кыргызстандыктар үлпөт той өткөрүп жаткан. Той аяктап калганда ал жерге белгисиз бирөөлөр келип, чыр чыгып, атышуу болгон. Жабыркагандардын айтымында, өзбек улутундагы бир нече киши келип, администратордун "кафеде орун жок" дегенине нааразы болуп, травматикалык тапанчадан ок чыгарган.

Окуяга байланыштуу Питердегы кыргыз жана өзбек диаспораларынын лидерлери жолукту. Өзбек тарап эгер кылмышкерлер өзбек улутундагылар болсо, алардын кармалышына көмөк болоорун убада кылды. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG