Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:09

Нарындык окуучулар Москвадагы олимпиадада жеңүүчү аталды


Нарындын Валерий Чкалов атындагы орто мектебинин алты окуучусу Москвадагы орус тили боюнча олимпиадага катышып, байгелүү кайтты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт. Москванын Михаил Ломоносов мектеби жыл сайын уюштуруп келаткан бул олимпиадага кыргызстандык окуучулар быйыл үчүнчү жолу катышты. Орус тилин мыкты билгендердин арасынан алдыңкылар тандалып алынып, аларга сыйлык, белектер тапшырылды. Олимпиада аяктагандан кийин окуучуларды шаар аралатып, экскурсия уюштурушту. (RK)

XS
SM
MD
LG