Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Иракта чабуулдарда өлгөндөрдүн саны 37 адамга жетти


Багдаддын четиндеги чиркөөдө христиандар Ыйса пайгамбардын туулган күнүнө чогулган кезде дүрмөттөлгөн машине жарылып, кеминде 26 адам мүрт кетти, 28и жаракат алды. Ал арада христиандар жашаган райондогу базарга кире бериште жардыруу болуп, андан 11 адам набыт болду.

Иракта 2003-жылы согуш башталгандан кийин христиандардын саны кескин азайып кеткен. АКШ жетекчилигиндеги коалициялык күчтөр өлкөгө бастырып кирген маалда Иракта 1,5 млн. чейин христиан бар деп айтылчу, азыр алардын саны жарым миллиондон ашпайт. Быйыл жыл башынан бери эле Ирактагы түрдүү чабуулдарда 6650 адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG