Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Түндүк Корея лидери “согуш күтүүсүз тутанышы мүмкүн” деп эскертти


Ким Чен Ын өзүнүн армиясын согушка толук даярдыкта болууга буйруду. Лидердин билдирүүсүн Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаты бүгүн кабарлады. Ушул айдын башында Ким Чен Ын өзүнүн жездеси жана саясий кеңешчиси Чан Сон Тхекти өлүм жазасына кескенде жумурияттагы стабилдүүлүк тууралуу камтамачылык күчөгөн.

Кечээ болсо АКШдагы аналитикалык борборлордун бири асмандан спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдө “Йоңбйоң” атомдук реакторунда жандануу байкалганы көрүнөт деген эле. Бул жай 2007-жылы эл аралык коомчулук менен түзүлгөн келишимдин негизинде жабылган эле. Расмий Пхеньян атомдук куралдарын үч ирет ийгиликтүү сынап көргөн. Акыркы сыноо февралда өткөн эле.

XS
SM
MD
LG