Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:13

Парламентте Кумтөр маселеси каралат


26-декабрда Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенин иштетүүгө байланыштуу 2013-жылы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу өкмөттүн жообун угат.

Парламент “Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормалардын, талаптардын “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы тарабынан сакталуусун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары менен таанышмакчы.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдө Кыргызстандын үлүшүн 67% кем эмес келишим түзүүгө жетишүү тууралуу парламенттин 23-октябрда кабыл алган токтомунун аткарылышы боюнча сөз болот.

Жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев баштаган тиешелүү өкмөт мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG