Бул тууралуу Саруудагы “Ынтымак” кыймылынын лидери Замир Меңдибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 26-декабрда айыл өкмөттүн алдында тынч митинг болот, анда Жогорку Кеңештин отуруму радио аркылуу уктурулат:
- Өкмөт дагы он жыл күткүлө дейт, биз эгерде Кумтөрдө эмне болуп жатканын өз көзүбүз менен көрбөсөк, жүз жыл бою деле унчукпай күтө бермекпиз. Биздин жаратылыш бузулуп атпайбы, экология бузулуп жатат. Биз мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн ЮНЕСКОго, “Гринпис” уюмуна кайрылып, кыргыз өкмөтү менен “Центерра” ишканасын сотко беребиз.
Меңдибаев андан аркы кадамдар парламент чечимине ылайык болорун кошумчалады. Бүгүн саруулуктардын атайын жиберилген өкүлдөрү Бишкекке келип, парламенттин бир катар депутаттарына жолугууну, алардан Кумтөр боюнча элге каршы келген келишимди өткөрбөөнү өтүнүшмөкчү.
Кумтөр алтын кенин мамлекетке кайтаруу талабы менен Саруу айылынын тургундары май айынан бери митингдерди улантып келе жатышат.(ZKo)