Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Эрдоган өкмөт курамын жаңылайт


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган үч министр коррупция жаңжалынан улам кызматтан кеткен соң, өкмөттүн курамы толугу менен жаңыртыларын жарыялады.

Ал өкмөттөгү он министр алмашарын шаршембиде өлкө башчысы Абдулла Гүл менен жабык сүйлөшүүдөн кийин билдирди.

Түркиянын экономика, ички иштер, айлана –чөйрөнү коргоо жана шаар куруу министрлери балдарынын коррупцияга аралашканы үчүн кызматынан бошотулушкан болчу. Эрдоган Түркиянын Евробиримдик иштери боюнча министрин да “жаңжалга тиешеси бар” деп кызматтан алды.

Өткөн жумада түрк полициясы “коррупцияга тиешеси бар” деген негиз менен үч министрдин балдарын камаган. Алардан тышкары дагы 20дан ашуун киши кармалганы кабарланууда. Кармалгандар мамлекеттик тендер өткөрүүдө пара алышкан деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG