25-декабрда кыймылдын лидери ар кандай тыюуларга карабай бийликке каршылыгын уланта берерин жарыялады. Ал эми өкмөт мурунку президент Мурсини жактаган “Мусулман агайындарды” “террордук уюм” деп расмий жарыялап, кыймылдын бардык мүчөлөрү, аны каржылагандар жана идеясын жайылткандар жоопко тартыларын билдирген.
Бийлик уюмду киши өлүмү менен коштолгон бир катар чабуулдар үчүн айыптоодо. Алардын арасында 24-декабрда полиция участогуна жасалган кол салуу да бар, анда жанкечти жардырган бомбадан 16 киши өлүп, 100дөн ашууну жаракат алган. Уюм бул окуяга тиешеси жоктугун билдирүүдө.