Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Украинада журналистти сабаган эки киши кармалды


Үчүнчүсү изделип жатканы кабарланууда. Шаршембиде жүздөгөн демонстранттар Киевдеги ИИМдин алдына барып, журналист Татьяна Чорновилди сабагандарды жазалоону талап кылышкан. “Стоп цензуре!” кыймылы журналисттерди бардык жаңылыктарды евромайдандын активисттерине каршы репрессияга арноого чакырды, ал эми УДАР кыймылынын башчысы Кличко таяк жеген журналистке тилектештик иретинде ММКларды президент Янукович тууралуу маалыматтарды жок дегенде бир күн чыгарбоого үндөөдө.

ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович журналисттин сабалышы боюнча тынчсыздануусун билдирип, бийликти бул ишти жакшылап иликтөөгө чакырды.

Журналист жана коомдук ишмер Татьяна Чорновил шаршембиге караган түнү Киевде сабалган, учурда ооруканада. Ал бийликке каршы акциялардын активдүү катышуучусу.

XS
SM
MD
LG