Ушу тапта Кумтөр кенинде 710 тонна алтын бар. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөп жатып премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Андан сырткары, өкмөт башчынын айтымында, калдыктарда 73,8 тонна алтын бар.
Премьер-министр жаңыдан түзүлгөн биргелешкен ишкана 2026-жылга чейин калдыктагыларды кошкондо 300 тонна алтын өндүрүүгө тийиш экенин, ал эми калган 410 тонна алтын 2026-жылдан кийин жаңы шартта Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштээрин айтты.
Өкмөт Кумтөрдү иштеткен инвестор, канадалык "Центерра" компаниясы менен жаңы биргелешкен ишкана түзүп, анын үлүшүн 50/50 пайыз кылууну көздөп жатат. Бул маселе бүгүн парламентте талкууланууда. (RK)