Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Оторбаев: Парламенттин айтканын кылышыбыз керек


Кыргызстан парламенттик республика, андыктан, Кумтөр маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин айтканын аткаруу керек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди:

- Эгер Жогорку Кеңеш ушул реструктуризациянын принциптерин колдосо, биз сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Эгер башка багытка түшкүлө десе, аны кылышыбыз керек. Биз парламенттик мамлекет болгондуктан, анын оюн сөзсүз угушубуз керек.

Оторбаев ошондой эле парламентке буга чейин сунуштаган меморандум эки барактан турган болсо, азыркысы 20 бетке жеткенин, аны коомчулуктун катышуусу менен кеңири талкуулоо керектиги айтты. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG