Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

Жалал-Абад: Тогуз-Торонун балдары шаардагы балатыга катыша алган жок


Жалал-Абадда балдардын балаты майрамы өтүүдө. Бирок, кабарчыбыздын айтымында, Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун жабыктыгына байланыштуу бүгүн облустук Барпы театрында өткөн губернатордук балаты майрамына Тогуз-Торо районунан балдар катыша алган жок. Жалысынан майрамга 130 бала катышты. Алар мыкты окуган жана жетим-жесир үй-бүлөлөрдүн балдары. Окуучулардын ар бирине 500 сомдук белек-бечкектүү баштык таркатылды. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү балаты майрамын уюштурууга өз корунан 490 миң сом каражат бөлгөн. Кечинде ушул театрда өтүүчү майрамга 110 студент чакырылган.(YA)

XS
SM
MD
LG