Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Кытай Мао Цзедундун 120 жылдыгын белгилөөдө


Кытайда бүгүн өлкөнүн мурдагы башчысы Мао Цзэдундун 120 жылдыгы майрамдалууда. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин жана Коммунисттик партиянын жогорку даражадагы мүчөлөрү Бээжиндеги мавзолейге барышты.

Мамлекеттик маалымат каражаттары Мао Цзэдунду бир чети макташса, экинчи жактан анын каталарын да айтышууда.

Мао Цзэдун Кытайды 27 жыл бою башкарган жана 1976-жылы көз жумган. 40 миллиондой кытайлыктар анын «Маданий революция» жана «Чоң секирик» саясатынын курмандыктары болушкан.

Мурда Коммунисттик партия Мао Цзэдун жасаган иштердин 70 пайызы туура, калганын ката деп эсептечү.

XS
SM
MD
LG