Быйыл Кыргызстан Кумтөрдөн 4,2 миллиард сом пайда көрөт. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөп жатып экономика министри Темир Сариев билдирди. Анын айтымында, быйыл "Кумтөр" ишканасынан салык түрүндө 5,5 миллиард сом түшөт. Бирок былтыр кыргыз өкмөтү "Кумтөрдөн" 30 миллион сом карыз алгандыктан, бул сумма ошол карызды жабууга кетет. Ошентип, таза киреше быйыл 4,2 миллиард сомду түзөт.
Ушу тапта парламентте "Кумтөр" ишканасы боюнча маселе каралууда. Эгер Жогорку Кеңеш өкмөт сунуштап жаткан үлүштүн 50/50 бөлүнүшүнө макул болсо, канадалык инвестор "Центерра" менен жаңы биргелешкен ишкана түзүлүп, андан Кыргызстанга түшкөн салык келерки жылы 9,4 миллиар сомго жетмекчи. (RK)