Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:02

Каирде автобус жарылып, беш адам жараат алды


Каирде бүгүн колго жасалган жардыргыч зат автобуста жарылып, андан беш адам жарадар болду. Associated Press маалымат агенттиги жергиликтүү бийликтерге таянып, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайда дагы бир жардыргыч зат табылганын, бирок ал зыянсыздандырылганын маалымдады.

Экинчи күнү Эл-Мансура шаарында полиция участкасынын жанында унаа жарылып, 15 адам мерт кеткен.

Кечээ Египеттин бийликтери “Мусулман агайындар” кыймылын террорчул уюм деп жарыялаган.

Египеттеги кырдаал исламчыл президент Мухаммед Мурси 3-июлда бийликтен кулатылган соң кескин курчуган. Өлкөдө акыркы убакта жардыруулар жана чабуулдар көбөйүп, аларга радикал исламчылар шектелип жатат.

XS
SM
MD
LG