Бишкектин башкы стадионунда мындан ары күн сайын эртең менен каалоочулар үчүн таңкы көнүгүү өтүп турмакчы. Бул тууралуу бүгүн Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Анын айтымында, саат 6:30дан 9га чейин атайын инструктордун башкаруусунда көнүгүү өтөт. Ага баардык каалоочулар катыша алат. Болгону, спорттук бут кийимин ала келиши керек. Акциянын максаты - шаар тургундуран сергек жашоого көндүрүү. (RK)