Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 15-январда өтөт


26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 2014-жылдын 15-январына белгиленди.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына ага даярдык көрүүгө тапшырма берилди. Ошондой эле "Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоодогу тил боюнча комиссиялар" жөнүндө жобо бекитилди.

"Борбор калаанын макамы" жана “Ош шаарынын макамы жөнүндө” мыйзамдарга ылайык, эки шаардын мэрлери мамлекеттик тилди билиши керек, ошондуктан тил боюнча Комиссия талапкерлердин деңгээлин текшерет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарларды (AiK).

XS
SM
MD
LG