Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Орусияда сот Удальцов менен Развожаевге каршы ишти четке какты


Москва шаардык соту ошондой эле өкмөткө каршы былтыркы демонстрацияларда тополоң чыгарган деп айыпталган активисттердин ишин кошумча тергөөгө чечим чыгарды. Ошол эле убакта "Солчул фронттун" координатору Сергей Удальцов сот иши бүткөнгө чейин үй камагында, анын өнөктөшү Леонид Развожаев убактылуу кармоочу жайда кала турган болду. Прокурорлор оппозициячыл активистти чет өлкөдөн акча алып, өкмөттү кулатмак деп айыптоодо. Удальцов быйыл жыл башынан бери үй камагында отурат.

XS
SM
MD
LG