“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан маалымдашкандай, 26-декабрга карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 13 млрд. 734 млн. куб метрди түздү. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 1,5 млрд. куб метрге аз. Ошондой эле бүгүнкү күнү суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 144 куб метрди түзүүдө, былтыр ушул күнү бул көрсөткүч 165 куб метр болчу. Ал эми иштетилип, агып чыккан суунун көлөмү секундуна 725 куб метр.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 млрд. кубга чейин азайганда андагы ГЭСтин иши токтойт. 2008-жылы суу сактагычтагы суунун кескин азайып кетүүсүнөн улам өкмөт элге электр энергиясын берүүнү чектеген.
Энергетика министрлиги быйылкы кышта электр жарыгын атайылап өчүрүүлөр болбой турганын маалымдап келүүдө, ошентсе да авариялык өчүүлөр уланып жатат.(ZKo)