Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Гринпистин бир мүчөсү Орусиядан чыгып кетти


Гриинпистин отуз мүчөсүнүн бирөө Швециянын жараны, теги орус Дмитрий Литвинов бейшембиде Финляндиянын чек арасына өтүп кетти. Литвинов бирок күрөш улана берерин билдирди:

- Мен бул глава аяктаганына ыраазымын, бирок китеп али жазылып бүтө элек. Арктикага коркунуч туулуп турган учурда, "Газпром", Shell сыяктуу компаниялар Арктиканы талкалоого даяр болуп турганда, биз буга каршы күрөштү жана келечек үчүн иштөөнү уланта беребиз.

Уюмдун калган мүчөлөрү да Орусиядан чыгып кетүүгө уруксат ала алышат деп билдирүүдө.

Орусия бийлиги бейшембиде Гриинпистин акыркы мүчөсүн мунапыс аркылуу бошотту. Акыркы болуп италиялык Кристиан д’Алессандронун кылмыш иши токтоду. Калгандар мындай документти бир күн мурда алышкан.

"Гринпистин" 30 активисти 19-сентябрда орус чек арачылары тарабынан кармалган. Алар Баренц деңизиндеги “Газпромдун” платформасында акция өткөргүсү келишкен. Алгач "каракчылык", андан соң "ээнбаштык" боюнча күнөөлөнүп, эки айга камалышкан.

XS
SM
MD
LG