Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:26

Ливанда мурдагы каржы министрине кол салынды


Бейрутта жардыруу болгон жер, 27-декабрь, 2013
Бейрутта жардыруу болгон жер, 27-декабрь, 2013
Ливанда дүрмөттөлгөн машине жарылып, мурдагы каржы министри набыт болду. Бейруттагы жардырууда дагы кеминде төрт киши мерт болгон. Кабарларга караганда, жардыруу экс-министр Мухаммад Шатта Сириянын оппозициялык тобу менен жолугушууга баратканда болгон.

Телеканалдар премьер-министрдин кеңсеси жайгашкан жерге жакын аймакты түтүн каптаганын, тез жардам машинелери жабыркагандарды ташып баратканын көрсөтүштү. Сириядагы жарандык согуш Ливандагы диний тирешүүнү да күчөттү, Бейрутта бир топ чабуулдар болду. Ноябрда Ирандын элчилигинин жанында кош жардыруудан 23 адам мүрт кеткен болчу.

XS
SM
MD
LG