Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Исмаилова: "Бир дүйнөнүн" кеңсеси экинчи жолу тонолууда


"Бир дүйнө Кыргызстан" кыймылынын Бишкектеги кеңсеси быйыл экинчи жолу кылмышкерлердин чабуулуна кабылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" кыймылдын жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, июль айында коррупция, Кумтөр, 2010-жылдын апрель, июнь окуялары боюнча баалуу маалымат сакталган компьютерлерди уурдап кетишкен. Ленин райондук милициясы кылмыш иш козгогон, бирок али күнчө күнөөлүүлөр кармала элек. Керектүү маалымат сакталган компьютерлер бүгүн да уурдалды:

- Эшиктин баары талкаланган. Аябай баалуу маалыматы бар беш компьютер жок. Эки сейф талкаланган. Бирөөнүн ичиндеги 33 миң сомду алып кетишкен. Ал акчага түрмөдө жардам сурагандарга дары-дармек алынмак.

Бүгүнкү окуя боюнча кылмыш ишти Биринчи Май райондук милициясы иликтей баштады.

Төлөйкан Исмаилова ал жетектеген уюм 2010-жылдын июн окуясынан кийин түрдүү кысымдарга кабыл болуп жатканын айтып, депутаттардын бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүү демилгесин, адам укуктары боюнча "Бир дүйнө" кинофестивалына тоскоолдук жаратылганын мисал келтирди. (RK)

XS
SM
MD
LG