Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Сириядан качкан эки кыргызстандык үйүнө кайтып келди


Кыргызстандын эки жараны - 63 жаштагы Халима Мухаметова жана 20дагы Радик Мухаметов Сириядан качып, дипломаттардын жардамы менен үйүнө аман-эсен кайтты. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Аталган эки жаран Сирияда жашаган туугандарына барып, Түркия менен чектеш Шанлыурфа шаарына качып келүүгө мажбур болгон. Мекенине кайтууга каражаты жок болгондуктан, алар элчиликке жардам сурап кайрылган. Эл аралык миграция уюмунун ортомчулугу менен алар түрк чек арасынан тоскоолдуксуз өтүп, Стамбул аркылуу Бишкекке 26-декабрда учуп келди. (RK)

XS
SM
MD
LG