Ооганстандын баш калаасында жанкечтинин жардыруусунан кеминде үч чет өлкөлүк аскер курман болду. Алдын ала маалыматтарда дүрмөттөлгөн машине жарылганы айтылат. Кабулдагы ал чабуулда кеминде алты карапайым адам жаракат алган. Чет өлкөлүк аскерлерге талиптер кол салышканын өздөрү кийинчерээк Твиттерде билдиришти.