Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:27

Мамбетов башкы архитектор болуп дайындалды


Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп Турдубек Мамбетов дайындалды. Буга байланыштуу буйрукка өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 27-декабрда кол койду. Мамбетов буга чейин аталган агенттикте жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Агенттиктин мурдагы башчысы Каныбек Нарбаев өткөн аптада өз арызы менен жумуштан бошогон. Буга чейин бир катар депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштарга, жердин мыйзамсыз берилишине Нарбаевди да күнөөлөп, ал кызматтан кетиши керектигин айтып келишкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG