Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Быйыл тилсиз жоо 60 адамдын өмүрүн алып кетти


Үстүбүздөгү жылдын 11 айында өлкө аймагында 3850 өрт кырсыгы катталган. Андан 60 киши набыт болсо, алардын бешөө балдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик өрткө каршы агенттиктин өкүлү Нурлан Ташмамбетов кабарлады.

Тилсиз жоо 330 млн. сомго материалдык чыгым келтирген. Жарандардын отко шалаакы мамилеси өрттүн чыгуусуна негизги себеп болууда. Бул жалпы катталган өрттүн 38% түзөт. Кийинки орунда электр шаймандарын туура эмес колдонуу, балдардын от менен ойногону турат. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 15 пайызга көп катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Өрткө каршы агенттик жарандарды майрам алдында оттон жана электр энергиясын колдонууда сак болууга чакырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG