Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жалал-Абадда селсаяктар көбөйүүдө


Шаардык мэрия көчөдө калган селсаяктарга 21 керебет коюп, кийинки жылдын апрелине дейре түнөп туруу үчүн эркектер жана аялдар үчүн эки бөлмө жай ачты. Бул үчүн жергиликтүү казынадан 180 миң сом каражат бөлүндү.

Бул жайга түнөөгө баш калкасы жок ондон ашуун адам келүүдө. Арасында аялдар да бар. Аларга шаардагы “Кайрымдуулук” корунда күнүнө бир ирет түшкү тамак каралган.

Баш калкасы жок бул адамдардын көпчүлүгү облустун башка райондорунун тургундары экендигин мэриянын социалдык бөлүмү кабарлап, Жалал-Абадда баш калкасы жок 30дай киши бар экенин маалымдады. (YA)

XS
SM
MD
LG