Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Кытайда “Бир үй-бүлө - бир бала” саясаты өзгөрдү


Жаңы демографиялык саясатка ылайык, күйөөсү-аялынын кимдир бирөөсү ата-энесинен жалгыз болсо, андай үй-бүлөлөр экинчи балалуу боло алышат. Мындай чечимди Кытай элдик жыйынынын Туруктуу комитети 28-декабрда бекитти. Эми бул чечимди эл өкүлдөрүнүн жыйыны жактырууга тийиш.

1980-жылдан баштап жубайлар ата-энеден жалгыз болушса гана экинчи балалуу болууга уруксат эле. “Бир үй-бүлө - бир бала” саясатын өзгөртүү Кытай коммунисттик жетекчилиги элдин өсүүсүн башкара аларына ишенгенин күбөлөйт. Бирок акыркы кезде балдардын төрөтүн чектөө улуу муундагы адамдарды экономикалык жактан камсыздоого залака тийгизет деген кооптонуу күчөй баштаган.

Кытай элинин саны боюнча дүйнөнүн эң чоң өлкөсү. Азыр Кытайдын калкы 1 миллиард 350 миллионду түзөт.

XS
SM
MD
LG