Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

АКШ соту Шерлок Холмсту коомдук дөөлөт деп тапты


Нью-Йорктун Федералдык соту шотландиялык жазуучу Артур Конан Дойлдун Шерлок Холмс жөнүндөгү жана 1923-жылга чейин басмадан чыккан башка 50 чыгармасын коомдук дөөлөт деп тааныды. Эми жазуучу жараткан Шерлок Холмс жана башка чыгармаларындагы каармандарды автордун мураскерлеринин уруксаты жок эле бекер пайдалануу мүмкүн.

Ал эми калемгердин 1923-жылдан кийин жарык көргөн 10 эмгеги автордук укук менен корголуп кала берет. Нью-Йорк соту бул ишти америкалык жазуучу Лесли Клингердин талабы боюнча карады. Конан Дойлдун балдары Клингерден Шерлок Холмс жөнүндөгү китеби чыккандан кийин акча талап кылышкан.

АКШнын мыйзамдары боюнча, автордук укук чыгарма жаралгандан 95 жылга чейин же автор көз жумгандан 75 жылга чейин сакталат.

XS
SM
MD
LG