Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Сирия химиялык куралдарын жок кылганга үлгүрбөй жатат


Сирия өкмөтү 31-декабрга чейин химиялык куралдарынын эң коркунучтууларын өлкөдөн тышка чыгарганга "үлгүрбөйт сыягы”. Мындай билдирүүнү Бириккен улуттар уюму жана Химиялык куралдарга тыюу салуу уюму чогуу жасады.

Билдирүүдө Сирия уу заттуу куралдарды чектөөдө “олуттуу прогресс” жасаганы белгиленет жана президент Башар Асаддын өкмөтү эл аралык мөөнөттү аткаруу үчүн “жигердүү аракеттенүүгө” чакырылат.

Согуштан улам “коопсуздук өлкө боюнча бузулуп жатканы” да көрсөтүлөт. Орусия-АКШ арачылыгы астында жетишилген келишимге ылайык, Сирия жетекчилиги келерки июнга чейин бардык химиялык куралдарын жок кылууга тийиш. Ага жараша, адамды ууктурчу зарин газы, нервди шал кылчу VX-газы жана башка адам өмүрүнө коркунучтуу химиялык элементтер Сириянын Лакатия портунан сыртка жөнөтүлүш керек.

XS
SM
MD
LG