Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Кытай Венесуэлага 5 миллиард доллар жаңы насыя берди


Бул жөнүндө Венесуэланын президенти Николас Мадуро жарыялады. Мадуронун айтышынча, кредит акча турак үйлөрдү курганга, жол-транспорт системасын жана сателиттик технологияны өнүктүрүүгө, ошондой эле армияны камсыздоого жумшалат.

Венесуэла 2008-жылдан бери Кытайдан 36 миллиард доллар насыя алды. Карыз негизинен мунай менен төлөнөт. Мурдараак Венесуэланын мунай жана тоо-кен, өнөр жай министри Рафаэл Рамирес 2013-жылдын жайына карай Кытайдын кредитинин 20 миллиард доллары төлөнгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG