Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Волгоградда кыргызстандыктар жабыркаганы тууралуу маалымат жок


Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча азыр жарылуудан жабыркагандардын арасында кыргызстандык жарандардын бар-жоктугу аныкталууда.

29-декабрда Орусиянын Волгоград шаарынын темир жол вокзалында бомба жарылып, кеминде 16 адам өлдү. Ошондой эле 40 чакты киши жаракат алды. Орусиянын антитеррордук комитети бомбаны жанкечти жардырган деп маалымдоодо. Жардырууну ким уюштурганы азырынча белгисиз.
Чечен козголоңчуларынын анабашы Доку Умаров келерки жылы башталчу Сочи олимпиадасы кезде чабуул жасаганга үндөгөн эле.

Волгограддагы бомба чабуулу Сочи олимпиадасынын башталышына алты жума калганда жасалды. БУУ бул чабуулду сынга алды. Орусия бийлиги бул окуядан кийин темир жол бекеттеринде, аэропорттордо коопсуздук чараларын күчөттү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG