30-декабрь күнү “Ата Мекен” партиясынын парламенттеги депутаттары Бишкектеги №1 тергөө абагына барып, ал жердеги абал менен таанышат.
Фракция мүчөлөрү анда кармалып турган Абдулла Юсупов менен жолугушары белгисиз. Буга чейин Юсупов “Ата Мекендин” ЖКдагы бир нече депутатын апрель окуясындагы талап-тоноонун башында турган деп айыптаган.
Ушул жылдын сентябрында СИЗО-1де отурган Абдулла Юсупов жана бир нече адамдын видеосу интернетте жарыяланган. Тасмада 5-6 адам манты жеп, бири-бирин Айт майрамы менен куттуктап жатканын, дагы бирөөнүн телефон менен сүйлөшкөнүн көрүүгө болот. Тасма 8-августта тартылганы белгиленет. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде №1 СИЗОнун жетекчиси Марс Жусупбеков 29-ноябрда кызматтан четтетилип, камакка алынган. 23-декабрда соттун чечими менен “эч жакка кетпөө тууралуу” тил каттын негизинде үй камагына чыгарылган.(ZKo)