Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Михаил Шумахердин абалы оор


Лыжа тээп жүрүп кырсыкка учураган Михаил Шумахердин абалы оор экени, ал азыркыга чейин өзүнө келе электиги кабарланууда. Гренобль шаарынын ал түшкөн ооруканасы чемпионго “токтоосуз нейрохирургиялык операция” жасоо зарылдыгын билдирди.

“Формула-1” автожарышынан өткөн жылы эле кеткен 44 жаштагы Шумахер Франциянын Мерибель курортунда лыжа тээп жүрүп, аскага башы менен тийген. Алгач жергиликтүү ооруканага жеткирилген айдоочу тик учак менен Гренобль ооруканасына алып келинген.

Михаил Шумахер 92 рекорддук жеңиши менен “Формула-1” автожарышынын эң мыкты айдоочусу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG