Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:14

Мушкер Үсөналиевди Бангкокко чакырышты


30-декабрда кыргызстандык Азат Үсөналиев 2013-жылдагы Азиянын мыкты боксчуларынын бири аталды. Футзал боюнча Медиа лига чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

30-декабрда Таиланддын борбору Бангкокто Азиянын эң мыкты боксчуларын сыйлоо аземи өтөт. Бокс боюнча Азия конфедерациясы Азия чемпиону, кыргызстандык Азат Үсөналиевди "2013-жылдын ачылышы" деп белгилеп, Кыргызстандын бокс федерациясына расмий кат жолдогон. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов билдирди.

Бекболотовдун айтымында, Азат Үсөналиев Бангкокко бара албай калат.
"Анткени, Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын алкагында 31-декабрда мелдеши болот", - деди Бекболотов.

Эл аралык спорт чебери Азат Үсөналиев быйыл Кыргызстандын боксунун тарыхында биринчи жолу Азия чемпиону болгон. Ал учурда Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясына катышкан Киевдин "Украин атамандары" клубу менен келишим түзүп, мелдештерге катышууда.

Жаш шахматчылардан Чыңгыз Исаев бааланды

29-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Ал-Айн шаарында шахматтан дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык 25 жаш шахматчы акыл таймаштарына катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” шахмат федерациясынын мүчөсү, өлкө чемпиону Нуриса Оторбаева маалымдады.

- Мындай ири мелдештерге катышуу менен жаш шахматчылардын көзү ачылып, тажрыйба топтоп, чеберчилиги артат. Айрымдары алгач ирет мындай мелдешке катышты. Келечекте жаштардан Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан шахматчылар чыгарына ишеним артып туралы.

Дүйнө биринчилигинде 8 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүм, улан-кыздар акыл таймашына катышты. Жыйынтыгында дүйнө жүзүндөгү 100 мыкты шахматчынын катарына 8 жаштагы Элдияр Орозбаев, 10 жаштагы Дарья Ли, 14 жаштагы Чыңгыз Исаев, 16 жаштагы Элина Самүдүн жана 18 жаштагы Бакай Эсенбай уулу кирди. Айрыкча 200 атаандашынан 7 упайга ээ болуп, 28-орунга жеткен Чыңгыз Исаев адистердин көңүлүн бурду.

Жаш балбандар сыналды

Жаңы жыл алдында Бишкекте коомдук ишмер Шералы Сыдыковду эскерүүгө арналган уландар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Мында Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан үч жүздөн ашуун жаш балбан күч сынашты. Бул тууралуу федерациянын вице-президенти Жеңиш Дөңбаев маалымдады.

12 салмак боюнча өткөн мелдеште 8 алтын байгени кыргызстандык балбандар жеңип алды. Алардын катарында Арген Жыргалбек уулу, Айбек Токтогул уулу, Талгат Тынчтыкбеков, Исабек Жалилов жана башкалар бар. 50 кило салмакта казакстандык Канат Кожамуратулы менен оор салмакта тажикстандык Фируз Якубов баш байгелүү болду.

Мекенчил жоокерди эскерүү эл аралык турнири

29-декабрда Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинин залында самбо күрөшү боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды. Самбо күрөшү боюнча СССР спорт чебери, Ооганстанда жоокердик милдетин аткарып жүрүп курман болгон Жылдыз Айнакуловду эскерүү турнири быйыл 15-ирет өтүп, мында Кыргызстан менен Казакстандын эки жүз элүүдөй жаш балбаны күч сынашты.

11 салмак боюнча таймашууларда 7 алтын байгени кыргыз балбандары утуп алды. 4 алтын медаль казакстандык балбандарга ыйгарылды. Мелдеш курч мүнөздө өткөнүн Нарын облустук дзюдо, самбо бирикмесинин жетекчиси Бакыт Чороев «Азаттыкка» айтып берди.

Жеңил салмактарда ысыккөлдүк Иманбек Тентиев менен бишкектик Тилек Аманкулов баш байгени утуп алды. 52 кило салмакта бишкектик Адылбек Абдумаатов, 56 кило салмакта казакстандык Мейрам Бектур биринчи орунду ээледи. 60 кило салмакта нарындык Алибек Чороевдин чеберчилиги жогору бааланды.

Казакстандык Мурасил Мейирханов, Райымбек Төлөйхан жана Акжигит Оралов бул турнирдин баш байгесин олжолоп кетти. Казакстандык машыктыруучу Куанжан Кулпеисовдун айтымында, жыл өткөн сайын мелдештин кадыр-баркы өсүп, деңгээли жогорулап баратат.

70 кило салмакта бишкектик Эрлан Шеров, 81 кило салмакта токмоктук Кайрат Муратбеков бардык атаандаштарын утуп, жеңишке жетти.

"Мен да жаш кезимде ушул мелдеште тажрыйба топтоп, спорттогу жолум ачылган", - деди «Азаттыкка» турнирдин жооптуу катчысы Максат Эркесариев.

НБТ чемпиондугун сактап калды

Жаңы жыл алдында Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары арасында өткөрүлүп жаткан футбол боюнча Медиа лига чемпионаты жыйынтыкталды. Анда НБТ телеканалы Топ.kg командасын 4:2 эсебинде жеңип алды.

Экинчи орунду "Европа плюс" алса, Топ.kg командасы үчүнчү болду. "Европа плюстун" оюнчусу Сухраб Абитов “эң мыкты оюнчу”, ЭлТР телеканалынын жетекчиси Султан Жумагулов “эң мыкты капитан” деп табылды. Ал эми “мыкты дарбазачы” наамын “Тамаша шоу” командасынан Нурадил Каникуров, Топ.kg командасынын оюнчусу Жыргал Файзуллаев “мыкты чабуулчу” деп аталды.

Футбол боюнча Медиа лига чемпионатына жалпысынан 11 команда катышты. Оюнга Футбол федерациясы менен Спорт журналисттери федерациясы демөөрчү болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG