"Ташиевден саясый башпаанек боюнча арыз түшкөн эмес", - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин пресс-атташеси Дарья Пахомова. Анын айтымында, "Ташиев орус дипломатиялык өкүлчүлүгүнө арыз берген эмес, демек анын Орусия башпаанек берди деп айтканы чындыкка дал келбейт".
Бүгүн "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Орусия анын үй-бүлөсүнө саясый башпаанек бергенин кабарлаган болчу. (RK)
Бүгүн "Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Орусия анын үй-бүлөсүнө саясый башпаанек бергенин кабарлаган болчу. (RK)