Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

Олимпиада чемпиону Осмоналиев "Манас" орденин алды


Олимпиаданын жана дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Бул жөнүндө жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыкта "чыгаан спортчу, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев республикада спортту өнүктүрүүгө жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн" сыйланганы айтылат.

Ноябрь айында Каныбек Осмоналиев 60 жылдыгын белгилеп, анын урматына оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлгөн. Учурда ал Республикалык оор атлетика, бокс, олимпиадалык резерв балдар спорт мектебин жетектейт. Осмоналиев эгемен Кыргызстандын биринчи спорт жана дене тарбия жетекчиси болгон. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG