Алматыда сот бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси, генерал Абдыразак Илясовду коррупция, кылмыштуу топ уюштуруу, кызматынан кыянат пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. Ушул эле кинелер менен Илясовдун эки жардамчысы 10-11 жылга кесилди. Үчөө тең күнөөсүн моюндаган жок. Күнөөлүүмүн деген төртүнчү айыпталуучу, полковник Думан Элемесов бошотулду. Төртөө былтыр күзүндө чет элдик жумушчу ишкерлерден, чек арадан өткөнү үчүн акча алган деп кармалган эле.