УКМКнын Антикоррупциялык кызматы менен Баш прокуратура Бишкектеги "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөрүлгөн тендерди иликтеп чыгуусу керек. Мындай тапшырма Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы комитети тарабынан берилгенин парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйындын катышуучулары өлкө аймагында жол кырсыгы абдан көп болуп жатканын айтып, "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашышын тездетүү керектигин айтышты. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга кытайлык компания макул болгон. Бирок аны менен түзүлгөн келишим боюнча тендер айрым суроолорду жараткандыктан аны жокко чыгаруу керектиги айтылгандан бери иш токтоп турат. (RK)