Чукул кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, 29-декабрда темир жол вокзалындагы жанкечти бомба жардырганда оор жараат алган бир адам жана эртеси троллейбуста болгон жардырууда жараат алган дагы бир адам каза тапты. Муну менен вокзалдагы апааттан 18-адам, тролейбустагы кыянаттыктан 15-адам өлдү.
Эки калаймандан улам АКШ Сочи олимпиадасынын коопсуздугун камсыздоодо Москвага “тыкыс кызматташууну” сунуш этти. Бул жөнүндө билдирген Мамдепартаменттин өкүлү Мария Харф Олимпиадага барган адамдар кыраакы болуусу керектигин эскерте кетти: "Коркутуу Олимпиада оюндарына да жасалганын анын катышуучулары эсте тутушу абзел. Терроризм, анын ичинде бомба чабуулу Орусияда уланууда. Олимпиада - эл аралык спорттогу керемет, позитвдүү, кубанычтуу окуя. Бирок адамдар кыраакы болуп, өз коопсуздугун жана эсенчилигине көз салыш керек.”
Сочи олимпиадасы 7-февралда башталат.