Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:55

Быйыл парламентке жарандардан 15 миң арыз түштү


Быйыл Жогорку Кеңешке түрдүү арыз-даттануулар менен кайрылгандардын саны 15 миңге жетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Төраганын дарегине түшкөн арыздардын көбү социалдык шартты жакшыртуу, тартип коргоо, билим берүү маселелерине байланыштуу болду. Ал эми депутаттардын жеке дарегине келген арыз, каттардын басымдуу бөлүгү күч түзүмдөрүнүн ишине, социалдык коргоо, билим берүү жана турак жай көйгөйлөрү боюнча болду. Арыздардын көбү Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынан келген. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандап алган. (RK)

XS
SM
MD
LG